Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Москва облусундагы мектепте өспүрүм бычак менен кол салып, бир бала каза тапты


Иллюстрация
Иллюстрация

Москва облусундагы Одинцово районундагы мектепте окуучунун бычак менен кол салуусунда он жашар бала каза тапты. Күзөтчү жараат алганын Орусиянын Тергөө комитети маалымдады.

Буга чейин Успенское мектебинде күзөтчү жана бир нече бала бычак жегенин чукул кырдаалдар кызматына шилтеме менен бир нече медиа жазган.

Облустук Ички иштер башкармалыгы кол салган өспүрүм кармалганын билдирди. Ал чөнтөккө салган газ баллонун колдонгону айтылды. Тергөөчүлөр психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындап, окуучунун акыл-эсин, чөйрөсүн, тааныштарын, социалдык тармактардагы баракчаларын текшерүүдө.

РБК тартип коргоо органдарындагы булактарга таянып, кол салган өспүрүм 9-класста окуганын жазды.

Интернетте ал өз кылгандарын видеого тартканы тууралуу маалымат тарады. Анда балдарды ээрчитип бараткан мугалимден алардын улутун сураганын көрүүгө болот.

Бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары каза болгон баланын аты Кобилжон , аны өлтүргөн өспүрүмдүн аты Тимофей экенин жазышууда.

Окуяга эмне түрткү бергени расмий айтыла элек. Адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери менен кылмыш иш козголду.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG